Ич катуу — узакка (48 сааттан ашык) заңдабай калуу; маалы менен ичеги арылбай, кыйналып заңдо ошондой Ич катуу көптөгөн оорулардан, айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен, начар тамактануудан келип чыгат.
Түшүндүрмөсү Оңдоо
Дени соо адамдардын заңдоосу алардын тамактанышына, жашоо шартына жана көнүмүш адатына жараша ар кыл болот. Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңдашат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет. Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн (аномалиясынан), механикалык, эндокриндик (калкан сымал, бөйрөк үстүндөгү, жыныс бездеринин) жана психикалык, ошондой эле денедеги туз жана суу алмашуунун бузулушунан жана башка болот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу жана шартсыз рефлекстердин, ички бездердин начарлашынын жана башка факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан Ич катуу көп кезигет. Ага узак убакыт бир түрдүү тамактануу, аз кыймылдоо жана тиштин начарлыгы, суюктукту аз ичүү себеп болот. Ич катуунун белгилери өтө ар түрдүү. Ал оорунун себептерине жана өөрчүшүнө жараша болот. Кээ бирөө 3—4 күндө бир заңдаса, кээ бирөөнүкү жумалап созулат, ал эми кээ бир учурда жарым айлап барат. Кээде күнүгө заңдаган менен заң кыйналып, аздан чыгат да, адам канааттанбай, кандайдыр бир мүчүлүштүк сезилип турат. Ич катууда заң катуу, кургак, койдун корголундай болуп чыгат, ич ооруйт же көөп чыгат; адамдын иреңи кубарып, саргыч тартып, тил кургап, көөнөрүлөнүп турат, көңүлү чөгүп, тамакка табити тартпай, уйкусу качып, чыйрыгып, буту-колу чымырайт. Кээде жүрөк дикилдеп, демигет.
Дарылоо негизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Эгер туура эмес тамактануудан болсо азык заттын мүнөзүн өзгөртүү зарыл. Тамактын составында бүкүлү клетчаткалар көп болуп, суюктукту көп (1,5—2 л) ичүү талапка ылайык. Ич алууну күчөтүүчү тамак-аштар: кымыз, ачыган айран, жемиш ширеси, кесек ундан бышырылган нан, кара өрүк, кургатылган жемиш кагы жана башкалар сунуш кылынат.Forever компаниясынан Алое гель жана чай сунуштайбыз.Алое гель ичеги каарынды шлактардан тазалайт жана иммунитет которот.Толук маалымат учун 0706533777 номерине чалыныздар.Же Ватсап +79259253117 жазыныздар.